Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн коомчулук менен байланыштардын стратегиясын өнүктүрүү боюнча семинар

13.12.2013

11-12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн коомчулук менен байланыштардын стратегиясын өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Европа Кеңешинин Венециандык Комиссиясынын жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышышты.

Семинар Европа Союзу тарабынан каржылануучу, Европа Кеңешинин Венециандык Комиссиясы жана БУУ тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоордун алкагында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө Европа Кеңешинин Венециандык Комиссиясынын эксперттери: Руксандра Сабареану – Румыниянын Конституциялык сотунун Башкы катчысы жана Георгий Меладзе – Грузиянын Конституциялык сотунун кеңешчиси чыгып сүйлөштү, алар өз мамлекеттеринин конституциялык юрисдикциясынын сотундагы коммуникациялык стратегияларды түзүү жана өнүктүрүү тажрыйбасы менен бѳлүшүштү.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын калкка, мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле жарандык коомго Конституциялык палатанын ишмердиги жана ал тараптан кабыл алынып жаткан чечимдер жөнүндө маалымат берүү максаттарында, коомчулук менен байланыштар стратегиясын түзүүнүн планын белгилешти.

IMG_7562

IMG_7502