Меню навигации+

Арты кайрылуу болсун…

17.01.2017

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары Дача-СУ дача айылынын аймагына Boeing-747-400F жүк учагы келтирген авиакырсыктан жапа чеккендердин туугандарына жана жакындарына аманчылык сөздөрү менен бирге жарадарларга жана жапа чеккендерге тез сакайып кетишин тилейт.

Кырсык айтып келбейт, бул кырсык биз үчүн да, дүйнө эли үчүн да ичибизди эңшерип кеткен алаамат болду.

Арманга дуушар болгон туугандар менен жакындарына айтаарыбыз кайгы-муңга алдырбай,  белди бекем бууп, тирүүлөрдүн аманчылыгын тилейли. Көзү өтүп кеткендердин арты кайрылуу болсун. Аза күтөбүз...»

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары бир күндүк айлык маянасын авиакырсыктан жапа чеккендерге которушат.