Меню навигации+

Венеция комиссиясынын 113-Пленардык сессиясы болду

11.12.2017

Учурдагы жылдын 8-9-декабрында Венецияда Укук аркылуу демократияга Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) 113-Пленардык отуруму болду. Конституциялык палатанын Төрагасы Эркинбек Мамыров Пленардык сессиянын ишине катышты.

 

Сессиянын жүрүшүндө Венеция комиссиясынын Президенти, 3 Вице президенти жана Бюросунун 4 мүчөсү, ошондой эле Алдындагы комиссиялардын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары шайланды.

 

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар Европа Кеңешинин Министрлер Комитети, Парламенттик ассамблея, Жергиликтүү жана региондук бийликтин конгресси сыяктуу органдар менен карым-катнаш маселелерин талкуулашты.

 

Андан тышкары, Комиссия мүчөлөрү айрым мамлекеттер боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар корутундуларды кабыл алышты, ошондой эле учурдагы жылдын ноябрь айында өткөн конференциялар, семинарлар тууралуу маалымат, Демократиялык шайлоолор боюнча кеңештин отурумудары жана Иштин усулдары боюнча алдындагы комиссиянын жана Илимий кеңештин орток отуруму тууралуу отчет угушту.