Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Э. Мамыров Венеция комиссиясынын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

29.04.2019

Бүгүн Европа Кеңешинин Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын Катчылыгынын (Венеция комиссиясы) демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Мамыров Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмдүн башчысы С. Кузнецов менен жолугушту.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров Венеция комиссиясынын өкүлү көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстанда конституциялык контролдоо институтун бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө кызматташууну улантуу зарылчылыгын белгилеп кетти. Ошондой эле төрага С.Кузнецов мырзага Конституциялык палата конституциялык сот адилеттиги маселелери боюнча эл аралык конференцияларда жигердүү катышып келатканын жана чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарынын тажрыйбасынын тенденциясын байкап келе жатканын билдирди.

 

Өз кезегинде, Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмдүн башчысы С. Кузнецов Конституциялык палатаны колдоо аркылуу укук үстөмдүгүн бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө кызыкдар экенин билдирди. Ошентип, С.Кузнецов жакын арада Кырыгз Республикасында конституциялык контролдоо органын андан ары өнүктүрүүдө жардам көрсөтүлүүчү региондук программаны кабыл алуу пландаштырылап жатканын белгилеп кетти.

 

Жалпысынан, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кырыгзстанда конституциялык сот адилеттиги институтун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана орток иш чараларды уюштуруу маселелерине токтолушкан.