Меню навигации+

Туркиянын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Конституциялык палатага келип кетти

28.02.2019

Бүгүн Кыргыз Республикасындагы Туркиянын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров менен жолугушуу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т.Мамыров Конституциялык палатанын ишмердиги жөнүндө айтып берди жана Туркия Республикасынын Конституциялык сотундагы кесиптештер менен эки тараптан тең бирдей колдоого алынган ынак, достук мамилелер түзүлгөндүгүн белгилеп кетти. Ошондой эле Төрага Элчи мырзанын эки мекеменин өкүлдөрү өз ара бир сапар кыргыз тарабы, экинчи сапар туркия тарабынан уюштурулуп жүргөн конференцияларга бай-бай катышып, келишип-кетишип жүргөнүнө көңүлүнө бурду.

 

Төрага Конституциялык палата Туркия Республикасынын Конституциялык соту сыяктуу эле пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кошумча аянтча болгон Азия конституциялык соттор ассоциациясынын мүчөсү экендигин кошумча белгилеп кетти.

 

Конституциялык палатаны төрагасы Э.Т. Мамыров Элчи мырзага ТИКА түрк агенттигиндеги Конституциялык палатанын өтүнмөсүн жактырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын дагы билдирди.

 

Жолугушууну аяктап жатып, тараптар кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө илгери үмүттөрүн билдиришти.