Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн судьялары менен жолугушту

05.03.2021

 








 








Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн судьялары жана сот тутумунун кызматкерлери менен жолугуп, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

 

Мамлекет башчы өзүнүн сөзүндө судьяларды тандоо процессин өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө жана ар бир талапкер укук жана сот өндүрүшү жаатында компетенттүүлүктүн жана квалификациянын жогорку деңгээлине ээ болушу керек экендигин баса белгилеп кетти.

 

Президент соттордун материалдык-техникалык жабдуусу, судьялардын эмгек акысын көтөрүү, социалдык кепилдиктерди берүү жана сот тутумунда башка илгерилете турган өзгөртүүлөрдүн киргизилиши туурасындагы пландарын ортого салды.

 

Иш-чарага жалпысынан өлкөнүн бардык сот инстанцияларынан 400дөн ашуун судьялар катышышты.