Меню навигации+

Борбордук Азияда Европа Союзунун долбоорлорунун мониторинги боюнча эл аралык эксперт менен жолугушуу болду

23.03.2017

Учурдагы жылдын 22-мартында Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров мырза, төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев мырза, судья-катчы Меергуль Бобукеева айым Борбордук Азияда Европа Союзунун «Укук Үстөмдүгү Платформасы – Борбордук Азия» долбоорунун мониторинги боюнча эл аралык эксперт Пламен Тончев мырза менен жолугушуу болду.

 

Жолугушууда Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому жүзөгө ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Союзунун долбоору менен кызматташтыктын жыйынтыктары жана бул долбоордун алкагында ишке ашырыла турган иш чаралар жөнүндө айтып берди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бенефициарлардын бири катары Конституциялык палата эсептелген, Европа Союзу каржылап жаткан «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү программасын» (Фаза-2) жүзөгө ашыруунун маселелерин дагы талкуулашты.