Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьяларынын ЕБнын «КРде укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өкүлү менен жолугушуусу болуп өттү

22.04.2021

Бүгүн, 22-апрелде, Конституциялык палатанын судьяларынын ЕБнын «КРде укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өзөктүү эксперти Александру Тэнасе менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаңы редакциясындагы Конституциясынын долбоорундагы конституциялык контролдоо органына берилип жаткан ыйгарым укуктарын талкуулашып, соттун жаңы ыйгарым укуктарына  өзгөчө көңүл бурушту.

 

Өз кезегинде, Александру Тэнасе мырза Кыргыз Республикасында конституциялык контролдоо органынын статусун бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту болуп өзгөрүүсү абдан маанилүү чечим экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, бул анын өнүгүшүнө түрткү берет.

 

Тараптар конституциялык контролдоо органынын ишмердигине карата мыйзамдарга киргизилүүчү түзөтүүлөрдү да талкуулашты. Александру Тэнасе мырза өзүнүн пикири жана бул чөйрөдөгү алдыңкы дүйнөлүк практиканын тенденциясы менен бөлүштү.

 

Конституциялык палатанын судьялары мыйзамдарга сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөр боюнча Европа мамлекеттеринин тажрыйбасынан маалымат жана аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты. Эксперт ошондой эле мыйзамдарга күтүлүп жаткан түзөтүүлөр боюнча конституциялык контролдоо алкагында укуктук маселелерди чечүүнүн айрым маселелерине судьялардын көңүлүн бурду.

 

Эсиңиздерге салсак, ушул жылдын февраль айында Европа Биримдигинин «КРде укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын колдоосу менен даярдалган Конституциялык палатаны реформалоо жана стратегиялык өнүктүрүү Концепциясынын долбоорун талкулоо боюнча тегерек стол КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлүнүн, Президенттин Аппаратынын, Өкмөт Аппаратынын, Жогорку соттун, Акыйкатчынын, Юстиция министрлигинин, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен болуп өткөн. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча тараптар жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформанын жүрүшүндө Концепцияны конституциялык контролдоо органынын өнүгүүсү катары пайдаланса болчудай деген пикирге келишти.