Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары жана Аппарат кызматкерлери сыйлыктарга ээ болушту

05.03.2019

Конституциялык палатада Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүндө Конституциялык палатанын судьяларына жана Аппараттын көрүнүктүү кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзүндө конституциялык контролдоо органынын ишмердиги конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого багытталганын белгилегеп жана ушундай жоопкерчиликтүү кызматтагылардын баарына кесиптик ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап кетти.

Андан ары, сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Ошентип, Конституциялык палатанын буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мерчемдүү салымы жана кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарганы үчүн «Ак ниет кызматы үчүн» I даражадагы ведомстволук медаль менен Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары К.М. Киргизбаев, ошондой эле судьялар К.Абдиев, Ч.О. Осмонова жана Э.Ж. Осконбаев сыйланышты.

Конституциялык палатанын ишмердигинде жетишкен эмгек ийгиликтери жана жигердүү катышуусу үчүн ведомстволук ардак грамоталары менен соттук отурумдарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а. К.А. Аблакимов жана персоналды башкаруу жана документациялык камсыздоо бөлүмүнүн консультанты У.Т. Таалайбеков сыйланышты.