Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнүн мониторинги» темасында тегерек стол өткөрүлдү

26.02.2014

25-февралда «Прецедент» өнөктөш тобу тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнүн мониторинги» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишинде жарандык коомдун, юридикалык коомчулуктун, сот корпусунун өкүлдөрү, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Иш чаранын жүрүшүндө 2013-жылдын ноябрь айынан баштап 2014-жылдын февраль айына чейин өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын сот өндүрүшүнүн стандарттарын сактоо боюнча мониторингинин жыйынтыктары сунушталды. Мындай мониторингдин жыйынтыгы боюнча айрым бир маселелер белгилүү болду жана алар тегерек столдо талкууланды. Ошондой эле, өткөрүлүп жаткан сот реформанын алкагында чечилиши актуалдуу болуп жаткан маселелер дагы көтөрүлдү.

 

Белгилеп кетчү нерсе, «Прецедент» өнөктөш тобу Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүнүн процедуралары жѳнүндѳ жарандарды укуктук агартуу алкагында жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын, юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү үчүн билим берүүчү тренингди өткөрдү, анда тренингдин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын компетенциясы, кайрылуучу субъекттер, кайрылууларды кабыл алуу процедурасы жана конституциялык сот өндүрүшүндө ишти кароонун тартиби жѳнүндѳ айтып беришти.