Меню навигации+

Конституциялык палатанын кызматкерлерине конституциялык сотторунун чечимдеринин маалымат базасынын бет ачары ѳттү, аны Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы алып барат

29.04.2015

Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппаратынын кызматкерлерин CODICES тутуму – дүйнөнүн башка мамлекеттеринин конституциялык сотторунун чечимдеринин электрондук базасы менен тааныштырды.

Тутум судьяларга жана КП кызматкерлерине Кыргызстандагы буга окшогон кейстердин үстүнөн иштөө учурунда Венеция комиссиясынын мүчөлөрү – конституциялык соттордун чечимдери менен таанышууга мүмкүндүк берет.

CODICES электрондук тутумунун Конституциялык палатадагы бет ачарын Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын конституциялык сот адилеттиги боюнча департаментинин жетекчиси Шнутц Дюрр (Schnutz Durr) өткөрдү.

 

«CODICES идеясы дүйнөнүн башка ар кайсы мамлекеттеринин конституциялык сотторунун ар кайсы кейстердин үстүндө иштөө учурундагы кыйынчылыктарды чечүүдө өз ара тажрыйба алмашуусунда турат, — деди Шнутц Дюрр. — Тутумда сиз көптөгөн чечимдер менен тааныша аласыз, судьялар конкреттүү маселе боюнча чечим чыгарган учурунда кандай мыйзамдар, пункттар, аргументтер, далилдерге таянганын биле аласыз».
Шнутц Дюрр, базадагы документтер конкреттүү иштин кеңири мазмунун берээрин кошумчалады, анда көп көңүл эки пункта коюлат: маселенин маңызын айтып берүү жана судьялардын чечим чыгаруу учурунда таянган аргументтерин, далилдерин сыпаттоо.

 

Тутумда Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын мүчөлөрү болуп саналган мамлекеттердин конституциялык соттордун чечимдери келтирилген. Алар дүйнөнүн бардык бөлүгүнүн: Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Түштүк Америка, Австралиядан сунушталган.
Венеция комиссиясынын КС маалыматтар базасында 8,500 ге жакын документ бар. Конкреттүү кейстер менен издөө тутумунун жардамы менен таанышса болот – маалыматтар базасы ар кайсы конституциялык соттордун документтерин ачкыч сөздүн негизинде сунуштайт.
Бул документтердин арасында Кыргызстандын ЖС Конституциялык палатасынын чечимдери да бар.

 

Джамиля Абдымомунова, КП эл аралык бөлүмдүн консультанты, азыркы учурда CODICES тутумунда Палатанын 18 чечими жайгаштырылганын билдирди.
«Биздин бөлүмгө укуктук камсыздоо башкармалыгынын судьялары жана эксперттери тигил же бул конкреттүү маселелер боюнча дүйнөнүн башка мамлекеттеринин чечимдерин берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Андан кийин бул документтерди биздин судьялар менен кызматкерлер таанышуу үчүн алышат, өздөрүнчө корутунду чыгарышат. Биз да бул сайттагы форумду пайдаланабыз, анда тигил же бул маселелер боюнча сурамжылоо жиберүү менен, ар кайсы мамлекеттердин КС жооп алабыз.», — деп белгиледи Джамиля Абдымомунова.

 

«Биз бир гана ишти кароонун чет элдик тажрыйбасын карабастан, өз тажрыйбабыз менен да бөлүшөбүз. Бул абдан пайдалуу тутум», — деп кошумчалады ал.
CODICES бет ачарына Укуктук камсыздоо башкармалыгынын, эл аралык бөлүмдүн жана КР ЖС Конституциялык палатасынын аппаратынын башка кызматкерлери катышышты.
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын мүчөлөрү – конституциялык соттордун чечимдеринин маалыматтарынын электрондук базасы 1994-жылы киргизилген. Ал англис жана француз тилдеринде жүргүзүлөт.