Меню навигации+

Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерин Жеңиш майрамы менен куттукташты

07.05.2021

Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштун ардагери Михаил Николаевич Сухининди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттукташты.

 

Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси Р. Чикеев ардагерге согуш мезгилинин кыйынчылыктарын башынан кечиргени үчүн терең ыраазычылык билдирип, ага бекем ден-соолук жана узак өмүр каалап кетти.

 

Өз кезегинде, Михаил Николаевич ага көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгын айтып, фронттогу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Ардагердин айтуусу боюнча, ал фронтко жөнөтүлгөндө 17 жашта болгон. Кызматын Литвада өтөгөн.

 

Ардагер Кыргызстанга 1951-жылы көчүп келгендеги жаштык учуру менен бөлүшүпаны ыр түрүндө айтып берди. Акыркы 70 жылдан бери ал Кыргызстанды мекендеп калган. Азыр Михаил Николаевич 94 жашта, республиканын борборунда жашайт.