Меню навигации+

Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери онлайн тренингге катышышты

03.02.2021

Бүгүн, «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери үчүн «Дин тутуу же ишеним эркиндигинин конституциялык принциптери» деген темада онлайн тренинг өткөрдү.

 

Иш-чараны ачып жатып, аталган Программанын башчысы Стефанос Кареклас мырза соттун жетекчилигине окуу семинарларын өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул билим кийинчерээк кызматкерлердин кесиптик иш-аракеттеринде колдонула тургандыгына ишеним билдирди.

 

Андан ары, эксперт Александру Тэнасе тренингдин катышуучуларына дин тутуу эркиндигин кепилдеген эл аралык актылар, башка адам укуктары, бул жааттагы билим берүү жана окутуу материалдары, ошондой эле Венециялык комиссиянын дин жөнүндө мыйзамдарды талдоо боюнча 2021-жылдын 8-январында кабыл алынган отчетторунун жана сунуштарынын жыйнагы жөнүндө айтып берди.

 

Тренингдин жүрүшүндө эксперт дин тутуу эркиндигине болгон укуктун сакталышын көзөмөлдөө маселелерине, ошондой эле эл аралык жана регионалдык коргоо ыкмаларына токтолду.

 

Бул иш-чара Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасы тарабынан колдоого алынган.