Меню навигации+

Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлери ашарга чыгышты

19.03.2017

Учурдагы жылдын 18-мартында Конституциялык палатанын кызматкерлери Конституциялык палатанын имаратына жакын жерлердин санитардык жана эпидемиологиялык  абалын жакшыртуу максатында тазалап чыгышты.

 

Аба ырайынын сүйүңкүрөбөй турганына карабастан кызматкерлер шыпыргы, чака, күрөк жана тырмоокторду алып, имараттын аркасынан келчү жолду, короосун кургак жалбырактардан, эски чөптөн тазалап, тротуарларды шыпырып, таштандыларды чыгарышты.

 

Бул сыяктуу акциялардын маанилүүлүгүн эске алып, табиятка, эмгек жана экология маданиятына Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлеринин аяр мамилесин калыптандыруу көз карашынан алганда, мындан ары да тегерек четти тазалап жыйноо жана тиешелүү абалда кармап туруу иштери улантылат.