Меню навигации+

Конституциялык палатанын кызматкерлери КР ПМБА корпоративдик окуудан өтүштү

02.06.2016

 

1-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (КР ПМБА) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматкерлери үчүн «Расмий иш чараларды, конференцияларды, тегерек столдорду даярдоо жана өткөрүү» темасына тренинг өттү.

 

Тренингдин жүрүшүндө КР ПМБА ректору А. Насыров жана Билим берүү жана илим департаментинин директору К. Токтоналиева, ошондой эле эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жана протокол кызматынын кызматкерлери катышуучуларга КР мамлекеттик протоколунун укуктук негиздери, мамлекеттик маанидеги иш чараларды даярдоо жана өткөрүү тартиптери жѳнүндѳ айтып беришти.

 

КР ПМБА ректору жождо иш чараны өткөрүү практикасы, негизинен расмий иш чараларды даярдоо жана өткөрүүнү бөлүштүрүү жана координациялоо бөлүгү менен бөлүштү.