Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

16.03.2019

Учурдагы жылдын 16-март күнү Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери республиканын шаарларын жана айылдарын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жалпы республикалык үч айлыктын алкагында ишембиликке чыгышты. Ишембиликте Конституциялык палатанын территориясы, арыктары тазаланып жана бак-дарактар санитардык кесүүдөн өткөрүлдү.

 

Бул иш-чара жыл сайын Конституциялык палатанын тегерегинин санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылып турат.