Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары жана аппараттын кызматкерлери ишембилик ѳткѳрүштү

28.03.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана аппараттын кызматкерлери Бишкек шаарынын эң кооз жерлеринин бири болгон Эркиндик бульварында ишембилик ѳткѳрүштү. Токтогул кѳчѳсүнѳн Киев кѳчѳсүнѳ чейинки тилкеде 30 эмен кѳчѳтү, 2 кайың кѳчѳтү, 300 түп тирүү тосмо отургузулду. Кѳчѳттѳрдүн кѳпчүлүгү “Зеленстрой” муниципалдык ишканасы тарабына берилсе, 200 түп тирүү тосмо Конституциялык палатанын каражатынан алынган. Конституциялык палата мындан ары да бульвардын аймагында кѳчѳттѳрдү отургузууну жана бак-дарактарды багып кароону улантмакчы.
IMG1IMG_0761
IMG_0766
IMG_0737
IMG_0775
IMG_0739
IMG_0752