Меню навигации+

«Конституциялык палатанын судьялары – бул Конституциянын жандуу сепили»

18.07.2016

 

Нургазы Аманбаев конституционализм жайкы мектебинин катышуучусу өзүнүн жайкы сөзүндө белгилеп кетти. Конституциялык палата журналисттер үчүн уюштурган жалпы республикалык мелдештен экинчи орун алган үчүн конститционализмдин жайкы метебине катышууга мүмкүнчүлүк алган. Студент катышуучуларга өзү жазган ырын окуп берип, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду (үзүндүсү төмөн жагында).

 

Конститциялык палатанын судьялары жылуу жана меймандос мамиледе конституциялык текшерүү органынын тарыхын, демократиялык коомдо конституциялык соттун орду, палатанын ыйгарым укуктары тууралуу айтып беришти.

 

Журналисттер үчүн юриспруденциянын татаал тилин түшүнүү абдан зарыл, андыктан судья Чынара Айдарбекова Конституциялык палатанын чыгарган чечимдеринин түзүмүнө кеңири токтоло кетти, Конституциялык палатанын чечимдеринен туура маалымат алыш үчүн кандай окуш керек экендиги тууралуу айтып берди. Журналисттер топторго бөлүнүшүп, чечимдерге таянып макалалар менен жаңылыктарды жазып көрүштү.

 

“Сот тутуму менен маалымат каражаттарынын эриш-аркак иштешүүсү демократияны камсыз кылуунун, жарандардын укуктарын корголушунун негизги шарты. Соттор да, журналисттер да коомдун кызыкчылктарына кызмат кылат. Талашып бөлүшө турган эч нерсе жок” – дейт Гульнур Торалиева. Ошондой эле медиа эксперт малымат каражаттарында конституциялык соттордун ишин көрсөтүүнүн эларалык тажрыйбасы маселелерин да ачып берди.

 

“Маалымат каражаттарыны милдети юристтин татаал тилин коомго жеткирүү болуп саналат. Ар бир өлкөдө конституциялык сот өндүрүш маселелери боюнча адистешкен журналисттер бар. Бул өлкөнүн канчалык деңгээлде Конституциянын карманып жашагандыктын белгиси”, дейт Эмиль Өскөнбаев, Конституциялык палатанын судьясы.

 

Журналисттер талкууларга кызуу катышып, Жогорку сот менен Конститциялык палатасы ортосундагы айырмачылыктарга, Конституциялык палатанын ишмерлигинин өзгөчөлүгүнө, судьялардын санына, алардын алган айлык маянасына, ээлеген кызматынан судьяларды кызматынан бошотуу тартибине кызыгып жатышты.

 

“Бардык эле журналисттер юридикалык жактан сабаты жоюлбаган, андыктан алар жөн гана пресс-релизди көчүрүп жазышы мүмкүн, ушундан улам конституциячыл журналисттердин өзөгүн түзүү абдан зарыл”, – дейт Азамат Касыбеков, “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти.

 

 

Назгуль Нурбекова, Конституциялык палатанын пресс-катчысы конституциялык сот өндүрүшүнүн ар бир кадамында кантип маалымат каражаттары маалымат алаарын журналисттерге айтып берди.

 

Журналисттерди дагы мүмкүн болуучу конституциялык өзгөрүүлөр келечеги жана бул жерде Конституциялык палатанын ролу кызыктырып турду. Бул себепке байланыштуу Нургазы Аманбаев, КМУнун студенти өзүнүн ырын окуп берди:

 

Призываю народ Кыргызстана

хоть ты повар,хоть ты депутат,

уважать наше общее благо 

Конституцию соблюдать!

 

«Конституция – ты важна, ты нужна, ты бесценна!

Все страна соблюдает тебя,

обращаться с тобою небрежно

равносильно убийству тебя»

 

Конституция за тобою и в горе, и в муках,

за тебя мы на битву пойдем,

до последнего сердце стука

будем чтить тебя, высший Закон!

 

15-17 июль күндөрү Конституциялык палата журналисттер үчүн Конституциялуулуктун Жайкы мектебин өткөрдү. Иш-чаранын кош-уюмдаштыруучулары ПРООН, Эларалык кызматташтыктын германия коомчулугу (GIZ), “Сорос-Кыргызстан” фонду.