Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын 18-конференциясына катышышты

16.11.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары К.А. Абдиев жана Ч.А. Айдарбекова ноябрь айынын 8нен 15не чейин Индия Конституциясынын 51-беренесине арналган «Дүйнөлүк укукту жана натыйжалуу аалам башкаруусун аткаруу аркылуу балдар үчүн дүйнөнүн биригүүсү» темасындагы Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын 18-конференциясына катышып келишти. Конференциянын Монтессори мектеби (Лакхнау ш., Индия) уюштурган. Мектепти 1959-жылы Джагдиш Ганди мырза негиздеген.

 

Конференцияда дүйнөнүн 60тан ашуун сот тутумунун өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ч.Айдарбекова «Омоктуу өнүгүү үчүн табият ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүдө соттордун ролу» темасында баяндама жасады.