Меню навигации+

Конституциялык палатасынын судьялары АКШдагы айым –судьялардын Улуттук ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 36-конференциясына катышып келди

24.10.2014

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Ч.Айдарбекова жана М.Бобукеева АКШда Калифорниянын Сан-Диего шаарында 15-19-октябрында болуп өткөн «Сот адилеттигинин чыныгы жеткиликтүүлүгүн коргоо жана өнүктүрүү» темасында өткөн АКШдагы айым–судьялардын Улуттук ассоциациясынын (NAWJ) жыл сайын өтүүчү 36-конференциясына катышып келишти.

 

Конференция бүт дүйнөдөн айым-судьяларды чогултту, алар бардык адамдарды акыйкат жана бирдей сот адилеттиги менен камсыздоо, аялдардын укугун коргоо жана бекемдөөдѳ укуктун үстѳмдүгүн колдонуу тармагында өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү.

 

Бул конференцияда өзгөчө мейман жана негизги баяндамачы АКШнын Жогорку сотунун судьясы Сония Сотомаер болду, ал сот системасын коомчулук үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу зарылдыгы жѳнүндѳ көз карашы менен бөлүштү.

 

Иш чаранын катышуучуларынын алдында Калифорниянын Жогорку сотунун судьялары, илимий жана адвокаттык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты, алар иммигрант балдардын, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа тарткан жактардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча укуктук иштин өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ айтып беришти, ошондой эле бүгүнкү күндө актуалдуу болгон эл аралык суррогат энелиги жана бир жыныстуу үй-бүлөлөр маселелери каралды.

 

КМШ өлкөлөрүнөн конференцияга Молдова, Украина жана Армениянын сот системасынын өкүлдөрү катышты.

 

Маалымат үчүн: АКШдагы айым–судьялардын Улуттук ассоциациясы (NAWJ) 1979-жылы мыйзамдын үстѳмдүгүнүн шартында инсандын укугун соттук коргоо ролун алга жылдыруу үчүн түзүлгөн. Ассоциациянын ишмердүүлүгү сот системасынын көз карандысыздыгын сактоого, ошондой эле сот адилеттигине аялдардын, балдардын жана башка калктын аярлуу тобунун өкүлдөрүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

 

Өзүнүн тарыхында Ассоциация алдыңкы сот маселелери боюнча билим берүү, агартуу ишмердүүлүктү жүргүзүп келет, айым-судьялардын лидерлик сапаттарын өркүндөтөт, аялдын демократиялык коомдогу маанилүү ордун көргөзүү максатында бардык деңгээлдеги судья-айымдардын санын көбөйтүүгө чакырат, бардык мамлекеттердин сот системаларында гендердик теңчиликти камсыз кылуу жолу менен сот адилеттигин жүргүзүү системасын жакшыртууга чакырат.

image (2)image (1)