Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары биздин жарандардын жашоосундагы Конституциянын мааниси жана мазмуну жѳнүндѳ ЖОЖ лекцияларды окушту

04.05.2015

КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституция Күнүнө карата Бишкек шаарынын беш университетинин юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн меймандарга арналган лекцияларды уюштурду.

 

Лекцияларда судьялар Конституциянын тарыхы жана анын коомдун жана өз алдынча жарандын жашоосундагы ролу жѳнүндѳ айтып беришти.

 

Өзүн цивилизациялуу деп эсептеген ар бир өлкөнүн өзүнүн Конституциясы бар. Конституция биринчи кезекте анда мамлекеттин адам жана жаран менен өз ара мамилелеринин негизги принциптери бекитилгендиктен маанилүү жана зарыл – деп белгилешти судьялар. Эң башкысы – Конституция адамдын укуктарына жана эркиндиктерине жогорку юридикалык күч берет, мамлекетти аларды сактоого жана коргоого милдеттендирет.

 

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун студенттеринин алдында КПнын судьясы Клара Сооронкулова Кыргызстан жана анын жарандары салыштырмалуу жакында эле конституционализмге кошулгандыгын, анткени XX кылымдын башына чейин кыргыздар кадимки укуктун институттарын колдонгондугун, ал эми советтик конституциялар номиналдык мүнөздө болуп, иш жүзүндө өлкө партиялык жогорку жактын директивалары менен башкарылгандыгын айтып берди.

 

Кыргыз элинин тарыхындагы белгилүү дата 1993-жылы Көз карандысыз жана суверендүү мамлекеттин Конституциясын кабыл алуу болуп калды.
Ошол мезгилден баштап Конституция бир канча жолу өзгөртүүлөргө дуушар болду, 2010-жылдын 27-июнунда референдум менен учурда колдонуудагы Конституция кабыл алынган. Бул конституционализмдин тарыхындагы маанилүү этап, анткени саясий тутумду парламенттик республика түзүү жана өнүктүрүү жагына түп-тамырынан бери өзгөртүү болуп өттү, адамдын укук жана эркиндиктери мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн жогорку баалуулугу, мааниси жана мазмуну катары таанылды.

 

«Албетте, бүгүнкү күндө бардык эле конституциялык принциптер ишке ашырылбай жана сакталган жок, – деп белгиледи студенттерге судья Клара Сооронкулова. — Бирок биз ушуга умтулушубуз керек, анткени Конституция — бул аларга жетүүнүн максаттарын жана ыкмаларын аныктаган программалык документ. Ушуну менен ал башка мыйзамдардан жана ченемдик-укуктук актылардан айырмаланат».

 

Конституция жана ал жарыялаган баалуулуктар коргоого муктаж жана бүгүнкү күндө биз Конституциялык палатанын атынан биздин Конституция тарабынан бекитилген укуктук жана демократиялык мамлекетти, адам жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чындап коргогон жетишерлик майнаптуу инструментке ээбиз. Конституциялык палата соттук конституциялык көзөмөлдүн жогорку жана жалгыз органы катары Конституциянын негизинде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин чектейт, жарандардын укуктарын мамлекеттин алардын жашоосуна мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргойт.

 

КУУнун Юридикалык институтунан тышкары лекция ошондой эле КРнын ИИМинин алдындагы Дипломатиялык академиянын студенттери үчүн дагы өткөрүлдү, аны Конституциялык палатанын судья-катчысы Чынара Айдарбекова өткөрдү.

 

Конституциянын негиздери жана анын коомдун жашоосундагы ролунан тышкары студенттерге биздин жарандарын жашоосуна таасирин тийгизген Негизги мыйзамдын негизги иш-милдеттерин түшүндүрүштү, ошондой эле студенттерге Негизги мыйзамдын түзүлүшүн жана анын чечмелѳѳчү бөлүмдөрдү түшүндүрүштү.
Судьялар конституциялык түзүлүштүн негиздери жана адам укуктары – бул статикалуу болуп саналган базалык бөлүмдөр экендигин жана жөн эле өзгөрүшү мүмкүн эместигин айтышты.
Студенттер суроолорду активдүү беришти жана Конституциянын ар кандай ѳнүттѳрүнѳ кызыгышты.
Аягында судьялар Кыргызстандын Конституциясы анын жашоочуларына кепилдик берген кеңири укуктар менен бирге, ошондой эле жарандарда республиканын мыйзамдарын сактоо жана баш ийүү милдеттери бар экендигин белгилешти.

 

Ушундай эле лекция АУЦАнын студенттери үчүн Конституциялык палатанын судьясы Эмиль Осконбаевдин катышуусу менен ушул жылдын 28- апрелинде өткөн.
Бул тематиканын уландысы катары КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын меймандык лекциялары КРнын Өкмөтүнүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн 6-майда өткөрүлмөкчү, лекцияны КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Мукамбет Касымалиев өткөрөт жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян Университетинде КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров чыгып сүйлөмөкчү.