Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары КМЮА жана КРПМБА студенттери үчүн мейман лекцияларын окуп келишти

03.05.2017

Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнүнө карата арналган мейман лекцияларын өткөрүлүшүн улантып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Мукамбет Касымалиев жана Чинара Айдарбекова Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүштү.

 

Судьялар конституциялык түзүлүштүн негиздери, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоодо Конституциянын ролу, мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушунда Конституциянын мааниси жөнүндө угуучуларга айтып беришти.

 

Судьялар Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоо, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча конституциялык контролдоо органы катары, Конституциялык палатанын ролу жана фунциялары тууралуу да кеңири маалымат беришти.

 

Лекциянын убагында студенттер лекторлорго суроолорду активдүү берип, Конституциялык палатанын ишмерлигинин айрым аспектилери, анын ичинде ал кабыл алган айрым чечимдерине кызыкчылыгын билдирип жатышты.