Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары студенттерге лекция окушту

28.04.2016

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Конституция күнүнө карата студенттер үчүн меймандык лекцияларды өткөрүштү. Анда, судья Курмантай Абдиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин алдында чыгып сүйлѳдү, судья Меергуль Бобукеева И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду.

 

Лекцияларда судьялар Конституциянын тарыхы жана анын мамлекеттин, коомдоштуктун жана инсандын жашоосундагы мааниси жѳнүндѳ айтып беришти. Ошондой эле студенттерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Конституциянын үстѳмдүгүн жана адамдын эркиндигин жана укуктарын коргоону камсыз кылуучу орган катары ролу жана аткарган иштери жѳнүндѳ айтып беришти.

 

Бул тематиканы улантып, Конституциялык палатанын судьяларынын меймандык лекциялары 3-майда К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын студенттери үчүн, 6-майда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия Славян университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн жана 10-майда КР Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиянын студенттери үчүн өткөрүлөт.