Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары жождордо мейман лекцияларын өткөрүп келишти

02.05.2019

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Күнүнө карата Конституциялык палата тарабынан ар жылы өткөрүлүүчү иш-чаралар алкагында 2019-жылдын 23-апрелинен тартып Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров, ошонджой эле судьялар М.Р. Бобукеева, Ч.О. Осмонова, Ч.А. Айдарбекова, М.Ш. Касымалиев, Ж.И. Саалаев жана Э.Ж. Осконбаев «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик Юридикалык Академиясынын, КР ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин жана ошондой эле Кыргыз-Россия Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Боробордук Азиядагы Америкалык университетинин юридикалык факультеттеринин жана С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүп келишти.

Лекцияда судьялар конституциялык түзүлүштүн негиздери, Конституциянын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сакттодого ролу, Конституциянын мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы мааниси тууралуу айтып беришти. Судьялар Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча орган катары Конституциялык палатанын ишмердиги тууралуу студенттерге кеңири маалымат беришти.

Мейман лекцияларынын мезгилинде студенттердин суроолоруна толук кандуу жооптор берилген.

Конституциялык палатанын судьялары тарабынан мейман лекциялар ар жылы өткөрүлүүдө, бул өлкөнүн Баш мыйзамын жана анда орнотулган баалуулуктарды элге тартуулоо чараларынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Күнүнө карата Конституциялык палата тарабынан ар жылы өткөрүлүүчү иш-чаралар алкагында 2019-жылдын 23-апрелинен тартып Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров, ошонджой эле судьялар М.Р. Бобукеева, Ч.О. Осмонова, Ч.А. Айдарбекова, М.Ш. Касымалиев, Ж.И. Саалаев жана Э.Ж. Осконбаев «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик Юридикалык Академиясынын, КР ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин жана ошондой эле Кыргыз-Россия Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Боробордук Азиядагы Америкалык университетинин юридикалык факультеттеринин жана С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүп келишти.

Лекцияда судьялар конституциялык түзүлүштүн негиздери, Конституциянын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сакттодогу ролу, Конституциянын мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы мааниси тууралуу айтып беришти. Судьялар Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча орган катары Конституциялык палатанын ишмердиги тууралуу студенттерге кеңири маалымат беришти.

Мейман лекцияларынын мезгилинде студенттердин суроолоруна толук кандуу жооптор берилген.

Конституциялык палатанын судьялары тарабынан мейман лекциялар ар жылы өткөрүлүүдө, бул өлкөнүн Баш мыйзамын жана анда орнотулган баалуулуктарды элге тартуулоо чараларынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Күнүнө карата Конституциялык палата тарабынан ар жылы өткөрүлүүчү иш-чаралар алкагында 2019-жылдын 23-апрелинен тартып Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров, ошонджой эле судьялар М.Р. Бобукеева, Ч.О. Осмонова, Ч.А. Айдарбекова, М.Ш. Касымалиев, Ж.И. Саалаев жана Э.Ж. Осконбаев «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик Юридикалык Академиясынын, КР ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин жана ошондой эле Кыргыз-Россия Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Боробордук Азиядагы Америкалык университетинин юридикалык факультеттеринин жана С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүп келишти.

Лекцияда судьялар конституциялык түзүлүштүн негиздери, Конституциянын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоодогу ролу, Конституциянын мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы мааниси тууралуу айтып беришти. Судьялар Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча орган катары Конституциялык палатанын ишмердиги тууралуу студенттерге кеңири маалымат беришти.