Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары биометриялык маалыматтарын тапшырышты

29.08.2014

Бүгүн 29-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча Улуттук кампаниянын алкагында өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын тапшырышты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, 28-29-августта Жогорку Кеңештин спикери жана вице-спикери, беш фракциянын лидерлери, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьялары, Башкы прокурор, Бишкектин, Оштун мэрлери жана вице-мэрлери, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен областынын губернаторлору өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын тапшырууну пландаштырып жатышат. Андан кийин биометриялык маалыматтарды чогултуу бардык министрликтерде жана ведомстволордо графикке ылайык жүргүзүлөт. Биометриялык маалыматтарды жарандардан жалпы чогултуу ушул жылдын 1-сентябрынан баштап, катталган жерине карабастан, паспорту бар болгон учурда биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча бардык стационардык жана мобилдик борборлордо башталат. 16 жаштан баштап бардык Кыргызстандыктар 10 манжасынын изин, түстүү сүрөтүн жана өзүнүн кол тамгасын бериши керек.

 

IMG_5548IMG_5537