Меню навигации+

Судьялар Кыргызстанда айымдар-судьялар ассоциациясын түзүү демилгесин талкуулашты

09.01.2015

27-декабрда Бишкекте “Сот адилеттигине жетүүнү натыйжалуу алга жылдырууда судьялардын уюмдарынын ишмердүүлүгү” темасында конференция болуп өттү.

 

Конференцияга Кыргыз Республиикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун судьялары, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Конференцияны ачып жатып, КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Калиева Гүлбара жарандардын, өзгөчө калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине жетүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы жѳнүндѳ айтып өттү.

 

Бул конференциянын башкы максаты судьялар тарабынан түзүлгөн эл аралык уюмдардын ишмердүүлүк тажрыйбасын жана алардын практикасынын Кыргызстанда колдонулушу талкууланды.

 

Конференцияда 2014-жылдын октябрында АКШ да болгон Айым-судьялардын улуттук ассоциациясынын (NAWJ) жыл сайын өтүүчү 36-конференциясына катышып келишкен Конституциялык палатанын судьялары Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева чыгып сүйлөштү, алар АКШдагы Айым-судьялардын улуттук ассоциациясынын жана Айым – судьялардын эл аралык ассоциациясынын ишмердүүлүк тажрыйбасын айтып беришти.

 

АКШдагы Айым – судьялардын улуттук ассоциациясы жана Айым – судьялардын эл аралык ассоциациясы мыйзамдын үстѳмдүк шартында жеке инсандын укугун соттук коргоо ролун өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Бул Ассоциациялардын ишмердүүлүгү аялдардын, балдардын жана башка калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине бирдей жетүүсүн камсыз кылууга багытталган, алар аталган жактардын укугун коргоо боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт, бардык мамлекеттердин сот тутумдарында гендердик теңчиликти камсыз кылуу жолунда сот адилеттигин жөнөтүү тутумун жакшыртуу үчүн сот тутумунда айым – судьялардын ролун жогорулатууга көмөк көргөзөт.

 

Жолугушууда катышуучулар Кыргызстан тарабынан 1995-жылы Пекинде аялдардын абалы боюнча конференцияда кабыл алынган Пекин декларациясы менен аракеттердин платформасынын аткарылышын талкуулашты. Бул документ маңызы боюнча XXI кылымдагы прогресс жолунда аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү кѳйгѳйлѳрүн чечүү боюнча күн тартибинде турган маселе болуп саналат.

 

Конференциянын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучулар, үй-бүлөлүк укук тармагында, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, жаштардын укуктук аң сезимин жогорулатуу жана башка маселелер менен иштеген эл аралык айым – судьялардын эл аралык уюмдарынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ маалыматты талкуулашып, резолюция кабыл алышты жана төмөнкүлөргө макул болушту:

•судьялар сот бийлигинин өкүлү катары, ар кимге, өзгөчө калктын аярлуу катмарына сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылууда өз салымын кошуусу керек;

•Айым – судьялардын ассоциациясын түзүү – жарандарга агартуучу иш чараларды өткөрүп жана маалымат алмашуусунда укуктук билим берүүгө жардам бере алган жакшы демилге болуп саналат;

• мындай уюмдун максаты сот тутумунун көз карандысыздыгын сактап калуу, жарандардын укугун коргоодо анын ролун жогорулатуу болушу керек;

• мындай уюмдун Кыргызстанда түзүлүүсү, айым – судьялардын ролунун сот адилеттигин жөнөтүү тутумунда жогорулашын, алардын лидерлик касиеттеринин өнүгүшүн камсыз кылат;

• Ассоциацияда мүчөлүк жогорку жоопкерчиликти, анын милдеттерин жана долбоорлорун алга жылдырууда активдүү катышууну талап кылат;

• сунушталган Ассоциация түзүү демилгесин республикадагы айым – судьяларга жеткизүү керек.

IMG_7315