Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьясы IV Эл аралык салыштырма укук таануу конгрессине катышып келди

06.12.2016

 

Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова «Азыркы сот адилеттиги: улуттук жана эл аралык өлчөмдөр» темасындагы IV Эл аралык салыштырма укук таануу конгрессинин ишине катышып келди. Конгресс Москва шаарында 2016-жылдын 1-декабрында өттү. Иш чара Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Мыйзамдар жана салыштырма укук таануу институту тарабынан Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы менен бирге уюштурулган.

 

 

Конгресстин иши төмөндөгү эки секциялык отурумдун алкагында өттү: “Азыркы дүйнөдөгү юридикалык конфликт” жана “Азыркы сот адилеттиги и сот коомчулугунун көйгөйлөрү”, ошондой эле төрт тегерек столдун алкагында өттү: “Азыркы дүйнөдө соттук өндүрүш: унификациябы жана диверсификациябы?”, “Эл аралык жана региондук сот адилеттиги”, “Талаштардын альтернативалык (соттон тышкаркы) чечилиши: өткөндүн жана бүгүнкү күндүн тажрыйбасы”, “Сот адилеттигинин стандарттары: эл аралык жана улуттук тажрыйба”.

 

 

Конгресстин алкагында Конституциялык палатанын судьясы “Сот коомчулугунун калыптануу көйгөйлөрү” деген темасында баяндама берди. Баяндамасында Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин калыптануу тарыхы, негизги принциптери жана ишмерликтин милдеттери жөнүндө маалымат берди. Чинара Айдарбекова өз баяндамасында “КРдин судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы боюнча Конституциялык палатанын чечимдери жөнүндө айтып берди жана соттук өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган мыйзам актыларынын маанисин жана табиятын сиңирип алуусу керек жана өзүнүн органдарына колдонуудагы ченемдерди башка маанилерге сугара ала турган өкүлдөрдү дайындоо керек. Ал өкүлдөр соттук тутумдагы учурдагы кырдаалды өзгөртүп, башка мамлекеттик орогандар арасында жана коом ичинде анын кадырын арттыруусу керек.