Меню навигации+

Конституциялык палатанын судья-катчысы М. Бобукеева «Бийликтин бөлүштүрүлүшү жана Конституциялык сот» эл аралык конференциясына катышып келди

10.06.2019

2019-жылдын 6-7-июндарында Конституциялык палатанын судья-катчысы М. Бобукеева Монголиянын Конституциялык соту Европа Кеңешинин Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын катчылыгы менен бирге уюштурулган «Бийликтин бөлүштүрүлүшү жана Конституциялык сот» эл аралык конференциясына катышып келди.

 

Иш-чарага Европа жана Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун судьялары, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио, ошондой эле анын башка мүчөлөрү катышты.

 

Конституциялык палатанын судья-катчысы М. Бобукеева «Сот бийлиги жана Конституциялык сот» атайын арналган сессияда «Бийликти бөлүштүрүү принциптеринин контекстинде сот бийлиги жана конституциялык сот адилеттиги» темасында баяндама жасады. Конференциянын алкагында «Мыйзам чыгаруу бийлиги жана Конституциялык сот» жана «Аткаруу бийлиги жана Конституциялык сот» аттуу 2 сессия өттү, алардын жүрүшүндө Европа Кеңешинин Венеция комиссия мүчөлөрү жана конституциялык соттордун судьялары тарабынан даярдалган атайын баяндамалар угулду.