Конституциялык палатанын судьяларына жана анын аппарат кызматкерлерине Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот реформасы алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер тууралуу маалымат берилди
![](https://constsot.kg/wp-content/uploads/2017/05/image3-1-e1495718678255.jpg)
Бүгүн Конституциялык палатанын судьялары жана анын аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот реформасы алкагында жаңы мыйзамдардын презентациясына катышып келишти.
Жаңы Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруучулук, Жарандык-процесстик, Административдик-процесстик кодекстерди, жоруктар жана бузуулар жөнүндө кодексти иштеп чыгууга катышкан эксперттик жумушчу топтордун жетекчилери жана мүчөлөрү иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлгөн укук тармактарында мыйзамдарды реформалоонун концептуалдык негиздери, концепциялары жана кабыл алынган кодекстердин жаңылыктары тууралуу айтып беришти.
Иштеп чыккандардын айтымына караганда өзөктүү өзгөртүүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
Жазык жаатында укук бузууларды бөлүштүрүү (кылмыш, жорук, бузуу);
Текшерүү институтун түзүү – шарттуу жазалоонун жаңы түрү, соттолгон адам мындайда тиешелүү органдардын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилет. Бул шарттуу соттолгондорду тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөөгө жана контролдоого жол берет;
Тергөө тараптары ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгү; күнөөнү таануу жөнүндө; тараптардын жарашуусу жөнүндө;
Сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып ишке кирише турган тергөөчү судья деген жаңы процесстик фигуранын киргизилиши кылмыш жөнүндө арыз Бирдиктүү реестрде катталган учурдан тарта башталат;
Жазык жоопкерчилигине тартыла турган адамдын укуктарын бекитүү, аларды коргоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, адвокаттарга кеңири укуктарды ыйгаруу;
Мыйзамдарды гумандаштыруу – криминалдан арылтуу жана Жоруктар жөнүндө кодекске өзүнчө бөлүнүп чыгарылган бир катар жазык курамдары үчүн жазанын түрлөрүн алмаштыруу. Кийинкиси коомдук олуттуу коркунуч келтирбеген жазык-укуктук жосундар үчүн жазаларды киргизет;
Камакта кармоонун мөөнөттөрүн азайтуу;
Судьялардын көз карандысыздыгы менен бирге жоопкерчилигин бекитүү, соттук чечимдерди аткаруунун ишчил механизмдерин иштеп чыгуу;
Кылмыш жасоо үчүн жазанын кайтарылбастыгын камсыздоо үчүн Жазык кодексинен мунапыс берүүнү жокко чыгаруу. Мунапыс өзгөчө учурларда өзүнчө мыйзам долбоорун кабыл алуу жолу менен берилет.
Иш-чараны «Сорос-Кыргызстан» Фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бирге уюштурган.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жанга Административдик-процесстик кодекси ишке кирет. 2019-жылдын 1-январынан тарта Жазык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруучулук кодекс күчүнө кирет, ошол учурдан тарта колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруучулук кодекстери жана Администртивдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстер күчүн жоготот.