Меню навигации+

Жергиликтүү соттордун судьяларына Конституциялык палатага кайрылуу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти

29.04.2017

Конституциялык палата 28-29-апрель күндөрү «Адилет» укуктук клитникасы» коомдук уюму менен бирге Бишкек шаарынын жана Чуй областынын жергиликтүү соттордун судьялары үчүн Конституционализм мектебин өткөрүштү.

 

Бул Конституционализм мектебинин максаты – катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмерлиги жөнүндө билимин арттыруу, адамдын жана жарандын укуктарын коргоо системасында мындай органдын ролунун өзгөчөлүгүн жана маанилүүлүгүн түшүнүү, ошондой эле Конституциялык палатага суроо-талап менен кайрылуу тартибин түшүндүрүү болуп саналат.

 

Ошентип, Конституциялык палата жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык Конституциялык палатага кайрылуу субъектилеринин бир болуп КР судьясы (судьялары) саналат. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.

 

Иш-чаранын катышуучуларына Конституциялык палатанын судьялары жана аппарат кызматкерлери соттук органдар тутумунда Конституциялык палатанын ролу жана орду, Конституциялык палатага кайрылуунун тартибинин өзгөчөлүктөрү, чечимдерди кабыл алууда Конституциялык палата колдонуучу укуктук принциптер, ошондой эле Конституциялык палатанын актылары жана алардын аткарылышы жөнүндө айтып беришти.

 

Мектептин практикалык бөлүгү мезгилинде катышуучулар Конституциялык палатага суроо-талапты даярдоо көндүмдөрүн жана туура жол-жоболоштурууну үйрөнө алышты жана кайрылууда кеңири таралган каталарды эске алышты.

 

Конституциялык палата конституционализм мектептерин 2014-жылдан бери ченем жаратуучу органдардын, башка мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, маалымат каражаттарынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана адвокаттар үчүн өткөрүп жатканын эскертебиз.