Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьясы – экс-төрага Э.Т. Мамыров ведомстволук медаль менен сыйланды

01.07.2019

Бүгүн, учурдагы жылдын  1-июлунда Конституциялык палатанын төрагасынын буйругу менен конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүдө, Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту бекемдөөдө мерчемдүү салымы жана кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы үчүн Конституциялык палатанын судьясы – экс-төрага Э.Т. Мамыров I даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен сыйланды.

 

Конституциялык палатанын жаңы шайланган төрагасы К.А. Дүйшеев, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ийгиликтүү аяктоо менен жетекчиликти куттуктоо менен, Э.Т. Мамыров төрага болуп турган мезгилинде Конституциялык палатанын судьяларынын жана Аппарат кызматкерлеринин институционалдык дараметин, социалдык камсыздандыруусун жана соттун ишмердигин толук кандуу иштешин камсыз кылуу максатында административдик ишмердигин бекемдөөдө чоң салым жасаганын белгилеп кетти. Төраганын пикири боюнча, Э.Т. Мамыровдун жетекчилиги астында Конституциялык палатанын судьяларынын жана Аппарат кызматкерлеринин иштөөсү үчүн баардык зарыл шарттар түзүлгөн.

 

Ошону менен бирге, К.А. Дүйшеев экс-төрага Э.Т. Мамыровго жана анын орун басары К.М. Киргизбаевге Конституциялык палатанын судьялары кызматында кесиптик ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап кетти.

 

Ошондой эле, төрага Э.Ж. Осконбаевди орун басарлык кызматка шайланганы менен жана М.Р. Бобукееванын судья-катчы кызматына кайра шайланганы менен куттуктады.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын судьясы Э.Т. Мамыров судьяларды жана аппарат кызматкерлерин айтылган каалоо-тилектери үчүн ыраазычылыгын билдирип жана Конституциялык палатанын судьясы кызматында конституциялык контролдоо институтун илгерилетүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилеп кетти.