Меню навигации+

Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Конституциялык палатанын Төрагасы Жогорку Кеңештин Конституциялык палатадагы өкүлдөрүнүн макамын көтөрүү маселелерин жана анын чечимдерин аткарууну талкуулашты

30.08.2016

2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жолугушуп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Конституциялык палатанын Төрагасына судьялардын күбөлүктөрүн тапшырды.

 

Ч. Турсунбеков Э.Мамыровду Конституциялык палатанын Төрагалыгына шайлануусу менен куттуктап, анын Конституциялык палатанын Төрагасы катары негизги мыйзамдын өлкөнүн бакубаттыгы үчүн калыс иштөөсү үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишеничин билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө парламент тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында Жогорку Кеңеш жана Конституциялык палатасы ортосунда кызматташтыкты бекемдөө маселелелери талкууланды.

 

Э.Мамыров өз кезегинде, Парламенттин өңүтүн натыйжалуу коргоо максатында Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн макамын конституциялык сот өндүрүшүндө көтөрүү зарылчылыгы бар, ушуга байланыштуу, Жогорку кеңештин тийиштүү комиттердин Төрагаларын Конституциялык палатанын отурумдарына катышуу маселелесин карап чыгууну сунуштады. Конституциялык палатанын Төрагасы Жогорку Кеңештин Төрагасына бир тарабы Жогорку Кеңеш болгон иштер боюнча Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышын тездетүүнү өтүнүп кетти.

 

Жогорку Кеңештин Төрагасы да Конституциялык палатасынын Төрагасынын бардык өтүнүчтөрү аткарылаарын белгилеп кетти.