Меню навигации+

Кыргызстандын сот тутумунун пресс-катчылары үчүн тренинг өттү

15.02.2016

8-февралдан 12-февралга чейин Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун пресс-катчылары үчүн тренинг өттү, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын областтык сотторунун пресс-катчылары катышышты.

 

Бул окутуучу иш чаранын максаты сот тутумунун пресс-катчыларынын потенциалын жогорулатуу, соттордун ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулукка өз убагында маалымат берип туруу болуп саналат.

 

Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Кайсын Абакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-катчысы Айнура Токтошева, жергиликтүү эксперттер Орозбай кызы Кайыргуль жана Азамат Тынаев, ошондой эле Германиядан келген эл аралык эксперт, судья, Хемниц шаарынын (Саксония) жердик сотунун пресс-катчысы Томас Мродзински мырза өткөрүштү.

 

Пресс-катчыларына сот органынын пресс-кызматтарынын ишмердүүлүгүнүн, жазык иштеринин материалдарын чагылдыруунун (бөгөт коюу чараларын тандоо, резонанс жараткан иштери, жабык сот териштирүү), маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуунун, маалымат берүү техникасынын жана журналисттер менен өз ара иштешүүнүн жана башка өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилди.

 

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар берилди.

 

Тренинг Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгүн бекемдөөгө көмөк көргөзүү» Долбоорунун алкагында Жогорку сот, Жогорку соттун алдындагы соттордун окуу борбору тарабынан уюштурулду.

 

6646

7585