Меню навигации+

Бишкекте Конституциялык палатаны реформалоонун жана анын стратегиялык өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү

26.02.2021

Бишкек шаарында 26-февраль күнү Конституциялык палатаны реформалоонун жана анын стратегиялык өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун (андан ары – Концепция) талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Иш-чараны Конституциялык палата «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза» ЕБ программасынын колдоосу менен уюштурду.

 

Тегерек столго КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү, Өкмөт Аппаратынын, Жогорку соттун, Акыйкатчынын, Юстиция министрлигинин, жарандык сектордун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышты.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дуйшеев иш-чараны ачып жатып, ушул иш-чаранын максаты Концепциянын долбоорунун бетачарын жасоо жана аны тегерек столдун катышуучулары менен талкулоо болуп саналат деп белгиледи. Төраганын  баамында мындай иш-чаранын уюштурулушу Конституциялык палатанын ишмердиги алкагында бышып жетилген маселелерди талкуу үчүн пикир алышуу аянтчасы катары кызмат кылып, болочок Конституциялык соттун ишмердигин жөнгө салуучу тийиштүү мыйзам чыгаруу актысын кабыл алууда конституциялык сот адилеттигинин институтун өркүндөтүүгө көмөк болот.

 

Төрага өзүнүн сөзүндө ушул стратегиялык документти иштеп чыгууда консультативдик жардам көрсөткөндүгү үчүн Литва Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Дайниус Жалимаска ыраазычылыгын билдирди.

 

Төрага жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформанын жүрүшүндө конституциялык контролдоо органынын өнүгүүсүнүн өңүтү катары пайдаланса болчудай деп тегерек столдун катышуучуларынын көңүлүн ушул Концепцияга дагы бурду.

 

Ошондой эле, саламдашуу сөздөрүн КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Медер Жусупов  жана «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза» ЕБ программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас айтышты.

 

Алар өз  сөздөрүндө Баш Мыйзамда түптөлгөн конституциялык укуктар менен эркиндиктерди, принциптер менен баалуулуктарды кайтарууда жана коргоодо конституциялык контролдоо органынын маанилүүлүгүн жана салмактуулугун баса белгилешти.

 

Андан ары, «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өзөктүү эксперти Венециялык комиссиянын учурдагы мүчөсү, Молдова Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы Александур Тэнасе бетачарын жасады. Эксперт тегерек столдун катышуучуларына Концепция долбоорунун мазмунун айтып берип, каралып жаткан документтин негизги жерлерине токтолуп кетти. Ал Концепция долбоору КРде конституциялык контролдоо институтунун өнүгүү жана калыптануу тарыхын, Конституциялык  палатанын колдонуудагы ченемдик укуктук базасынын анализин, конституциялык контролдоо органынын ишмердигин өркүндөтүү боюнча эл аралык стандарттарга жана сунуштарга ылайык келүүсү экспертизасын камтыйт деп баса белгиледи.

 

Концепциянын долбоорун талкулоо мезгилинде  иш-чаранын катышуучулары баяндамачыга суроолорун беришип, ага тийиштүү жоопторун ала алышты. 

 

Иш-чаранын аягында Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дуйшеев катышуучуларга активдүүлүгү жана Конституциялык палатанын ишмердигине кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.