Меню навигации+

Киевде адам укуктарын коргоо механизмдери демократиялык трансформация шарттарында конституциялык текшерүү маселелери талкууланды

18.10.2016

2016-жылдын 1-8-октябрларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ч. О. Осмонова Украинанын Конституциялык сотунун 20 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Азыркы коомдогу конституциялык текшерүү жана демократиялык трансформация процесстери” аттуу эл аралык конференциянын ишине катышып келди.

 

 

Конфренциянын ишине Европа Кеңешинин, Европа союзунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюмдун (ЕККУ) өкүлдөрү, Австрия, Азербайджан, Беларусь, Болгария, Грузия, Армения, Иордания, Казахстан, Кипр, Кыргызстан, Латвия, Литва, Македония, Молдова, Германия, Румыния, Туркия, Хорватия, Черногория конституциялык сотторунун судьялары катышты.

 

Конференция адам укуктарын коргоо механизмдери демократиялык трансформация шарттарында конституциялык текшерүү маселелерине, финансы-экономикалык кризис шарттарында социалдык мыйзамдардын трансформациясы жана демократиялык өнүгүү шарттарында өз ара таасир этүү маселелерине арналган.

 

Конференциянын алкагында Конституциялык палатанын судьясы Чолпон Осмонова “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмерлиги алкагында жарандардын конституциялык укугун коргоо” темасындагы доклад менен чыгып сүйлөдү. Ч.Осмонова өз докладында эл аралык конференциянын баардык катышуучуларын Конституциялык палатанын Төрагасынын атынан куттуктады да, ушул иш чарага чакырылып катышып турганы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Судья конференциянын тематикасы өзгөчө көйгөйлүү болгондуктан, асыресе, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана сактоо мамлекеттин ишмерлигинде мааниси артыкчылыкка ээ болгон милдет катары каралаарын белгилеп кетти. “Конституциялык жоболорго ылайык мамлекет Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары менен эркиндиктерин толугу менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон механизмди түзүү үчүн баардык чараларды кабыл алууга милдеттүү!” – деп баса белгилеп кетти.