Меню навигации+

Конституциялык палатада ишмерликти маалыматташтыруу маселелери талкууланды

23.11.2016

Бүгүн Конституциялык палатада КР ЖС Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Меергуль Бобукеева USAID/IDLO программасынын региондук директири Фред Хьюстон жана КР ЖС Соттук департаментинин “Адилет сот” маалымат технологиялар боюнча Мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Жолугушууда маалыматташтыруу менен кийин жагында маалымат тутумдарын колдоо маселелери жана аларды Конституциялык палата менен USAID/IDLO программасы ортосунда Кыргызстанда соттук тутумду бекемдөө боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө түзүлгөн Меморундумдун алкагында заманбап жаңыртуу маселелери талкууланды.  Ошентип, Конституциялык палатанын соттук актыларын www.sot.kg (соттук актылар менен отурумдардын маалымат базасы) сайтында жайгаштыруу жана электрондук документ жүгүртмөсү тутумун андан ары программалык-техникалык жетектөө мүмкүнчүлүгү каралды.

 

Жолугушуунун катышуучулары Конституциялык палатанын маалыматташтыруу ишмерлиги жаатында андан ары кызматташуу маселелерин да сүйлөшүштү.