Меню навигации+

Конституциялык палатада төрага, төраганын орун басары жана судья-катчы кайра шайланды

01.07.2019

Конституциялык палатанын жетекчилигинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 30-июнунда аяктагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын жыйыны тарабынан төмөнкүдөй жаңы жетекчилик курам шайланды:

 

төрага –Карыбек Арстанбекович Дуйшеев;

 

төраганын орун басары –Эмиль Жолдошевич Осконбаев;

 

судья-катчы –Меергуль Рыскулбековна Бобукеева.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын жоболоруна ылайык, Конституциялык палатанын жетекчилиги үч жылга шайланаарын эскертебиз.