Меню навигации+

Конституциялык палата 2017-жыл ичинде ишмерликтин жыйынтактарын чыгарды

18.01.2018

Учурдагы жылдын 17-январында Конституциялык палатада Конституциялык палатанын 2017-жыл ичинде ишмерликтин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча судьялардын жана Аппарат кызматкерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жыйынды ачып жатып, отчеттук жыл ичинде көп иш аткарылганын жана Кыргызстанда конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөө жагында маанилүү кадамдар жасалды деп белгиледи. 2017-жылы Конституциялык палатанын чечимдерин жүзөгө ашыруу механизмдерин өркүндөтүү максатында Конституциялык палата жөнүндө конституциялык Мыйзамга конституциялык контролдоо органдарынын чечимдерин Өкмөт жана башка мамлекеттик бийлик органдары тарабынан аткаруу мөөнөттөрүн белгилеген өзгөрүүлөр киргизилди, биринчи жолу, өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалыматты даярдоо боюнча жумуштар башталды, Конституциялык палатанын Аппараты кайра уюштурулду, анын түзүмү оптималдаштырылды.

 

Ошондой эле, Конституциялык палатанын төрагасы 2018-жыл биздин өлкө үчүн мааракелүү жыл, анткени быйыл Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-жылдыгы белгиленип, анын алкагында Конституциялык палатада ушул мааракеге арналган бир катар иш-чаралар пландаштыруулууга тийиш деп кошумчалады.

 

Андан ары Аппараттын жетекчиси Марат Джаманкулов Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн отчеттук мезгил ичинде ишмерлиги тууралуу маалымат берди. Аппараттын жетекчиси өзүнүн баяндамасында Аппараттын жаңы түзүмү бекитилгенден кийин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык милдеттенмелерине жаңылыктар киргизилген деп белгиледи.

 

Андан тышкары, судьяларга Конституциялык палатанын 2017-жылга карата Иш планынын жана Конституциялык палатанын 2015-2020-жылдарга арналган Өнүгүү стартегиясынын иш-чараларынын аткарылганы жөнүндө маалымат сунуштады. Отчеттун жыйынтыгы боюнча Аппараттын жетекчиси Конституциялык палатанын 2018-жылга карата Иш планына киргизүү үчүн бир катар сунуштарды киргизди.

 

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Конституциялык палатанын судья-катчысы Меергуль Бобукееванын отчетун угушту, отчетто Конституциялык палатага келип түшкөн жарандардын кайрылуулары боюнча жумуш туурасында жалпы маалымат берилди, алар: конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган жана андан баш тартылган кайрылуулар, кабыл алынган чечимдер жана токтомдор, Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуу абалы жөнүндө.

 

Негизги баяндамачылар сөз сүйлөгөндөн кийин Конституциялык палатанын судьялары жылдык отчетту бир добуштан бекитишти, ал коомчулук үчүн жарыяланат, ошондой эле Конституциялык палатанын ишин өркүндөтүүгө багыттлаган өзүнүн сунуштарын айтып кетишти.