Меню навигации+

Конституциялык палатада Европа союзунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду

09.11.2016

 Бүгүн КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров мырза, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев мырза жана судья-катчы Меергуль Бобукеева айым Европа союзунун өкүлдөрү Каталин Герман мырза жана Клаудиа Хок айым менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Палатанын ишмерлиги тууралуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдар тутумундагы ролу тууралуу айтып берди, ошондой эле Конституциялык палатанын айрым чечимдерине токтолуп өттү.

 

Жолугушууда Кырыгзстанда конституциялык көзөмөл институтун бекемдөө жана өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты улантуу жана Конституциялык палатынын ишмерлигин колдоо боюнча жаңы долбоорду ачуу зарылдыгы белгиленди.