Меню навигации+

Конституциялык палатада журналисттер менен жолугушуу болуп өттү

22.02.2019

 












Бүгүн, 2019-жылдын 22-февралында, Конституциялык палата ММК өкүлдөрү жана маалымат агенттиктери менен диалог аянтчасын уюштурган, ал журналисттер үчүн Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышууга жана аларды кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Жалпысынан, иш-чара журналисттердин конституциялык сот өндүрүш маселелеринде билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров, төраганын орун басары К.М. Киргизбаев жана судья-катчы М.Р. Бобукеева жолугушуунун катышуучуларынын алдына чыгып сүйлөштү. Көз карандысыз эксперт катары юридикалык илимдердин талапкери, КРСУнун доценти А.Ш. Маралбаева чакырылган.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров иш-чараны ачып, журналисттерге арткан кызыкчылыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Конституциялык палатанын жасаган иши тууралуу маалымат берип кетти. Төрага өзүнүн сөзүндө Конституциялык палата түзүлгөндөн тартып (2013-жылы) жана 2019-жылдын 22-февралындагы абалына карата конституциялык контролдоо органы болуп, ченемдик-укуктук актыларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп таануу жөнүндө 62 чечим жана талашылып жаткан ченемдик-укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келет же жарым-жартылай карама-каршы келет деп таануу жөнүндө 25 чечим, ошондой эле 1 корутунду кабыл алган. Ошондой эле, ал актылары Конституциялык палатанын кароо предмети болгон ченем жаратуучу органдары берген маалыматтын анализине көңүл бурган, анда Конституциялык палатанын чечимдеринен келип чыккан 36 тапшырманын ичинен 25 чечим аткарылган жана 1 чечим Конституцияга өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу контролдон алынган, 10 чечим дагы эле аткарыла элек. Ошону менен бирге, Конституциялык палатанын чечимдеринен келип чыккан 10 тапшырманын ичинен 4 мыйзам долбоору Өкмөттүн тийиштүү токтомдору менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн, Конституциялык палатанын 2 чечими боюнча 1 мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген, 4 тапшырма Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде аткаруу стадиясында турат (иштеп чыгуу, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу, КР Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизүү).

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын судья-катчысы М.Р. Бобукеева Конституциялык палатанын чечимдери боюнча сапаттуу пресс-релиздердин даярдалышы үчүн анык маалымат булагы болуп Конституциялык палатанын басма сөз кызматы саналат, анын расмий сайтында (www.constsot.kg) кайсы бир иштер боюнча жайгашкан пресс-релиздер болот деп журналисттердин көңүлүн бурган. Ошондой эле, Конституциялык палатанын бардык чечимдери боюнча пресс-релиздер даярдалып, аларды жарыялоо үчүн ММК жана маалымат агенттиктерине жөнөтүлөөрүн жана Конституциялык палатанын басма сөз кызмат жөнөткөн пресс-релиздерди жарыялоо үчүн сунуштаган, себеби алар чыгарылган чечимдин маңызын жана маанисин чагылдыраарын баса белгилеген.

 

Андан ары журналисттер суроолорун беришип, Конституциялык палатанын жетекчилигинен, ошондой эле чакырылган көз карандысыз эксперттен жоопторду алышты.

 

Бул иш-чара USAID-IDLO тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Данакер Талкуу» долбоорунун диалог платформасынын алкагында уюштурулганын белгилеп кетүү керек.