Меню навигации+

Кыргызстанда айым-судьялардын Ассоциациясы түзүлдү

29.06.2015

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу айым-судьялардын Ассоциациясы түзүлдү.

 

Мындай уюмду түзүү демилгесин көтөрүп чыккан айым-судьялар, сот бийлигинин өкүлдөрү катары судьялар сот адилеттигине ар бир жарандын жеткилигин камсыз кылуу, өзгөчө бул калктын алсыз катмарына тиешелүү керек экендигин туура деп эсептешет.

 

Ассоциациянын максаты, акыйкаттыкка жана теңчиликке жетүү үчүн сот тутумунун көз карандысыздыгын сактап калуу, жарандардын укугун коргоодо анын ролун жогорулатуу, бардык адамдардын, өзгөчө калктын алсыз катмарынын сот адилеттигине болгон тең жана акыйкат жеткисин камсыз кылуу болуп саналат.

 

Айым-судьялардын Ассоциациясын түзүү – судья айымдардын сот адилеттигин жүргүзүүдөгү ролунун жогорулашына шарт түзөт, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрөт, ошондой эле агартуучу иш чараларды жана маалымат алмашууну жүргүзүү жолу аркылуу жарандарды укуктук окутууга жардам берет.

 

Мындай уюмду түзүү идеясы өткөн жылы эле пайда болгон, ошондо 2014-жылы АКШдагы Айым-судьялардын Улуттук ассоциациясынын (NAWJ) 36-конференциясына катышып келген Конституциялык палатанын судьялары Чинара Айдарбекова жана  Меергуль Бобукеева, өз кесиптештери үчүн АКШдагы Айым-судьялардын Улуттук ассоциациясынын жана Айым-судьялардын Эл аралык ассоциациясынын ишмердүүлүк тажрыйбасын көргөзүп беришкен.

 

Бул Ассоциациянын түзүүчүлөрү болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун үч судьясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2 судьясы чыгышты. Азыркы убакта Ассоциациянын мүчөлөрү республиканын бардык аймактарынан алынган Кыргыз Республикасынын 20 судьялардан турат.