Меню навигации+

«Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге беш жыл: Соттун ролу» аттуу эл аралык конференция Минск шаарында болуп өттү

20.09.2019

Учурдагы жылдын 19-20-сентябрында Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев жана Ж.И. Саалаев Евразиялык экономикалык соту тарабынан уюштурулган «Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге беш жыл: Соттун ролу» аттуу эл аралык конференцияга катышып келишти.

 

Иш-чаранын алкагында конференциянын катышуучулары Биримдик жөнүндө Келишимдин жоболорун колдонуунун, Биримдиктин укугунун улуттук укук колдонуу тажрыйбасын, ошондой эле Биримдиктин институционалдык тутумун өркүндөтүүнүн көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев конференциянын ишине катышууга чакыруу берилгени үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушул сыяктуу сүйлөшүү аянтчалары Евразиялык экономикалык биримдиктин ченемдик-укуктук базасында келишпестиктерди, кенемтелерди жана аны жалпысынан өркүндөтүүгө көмөк болоорун белгилеп кетти.

 

Ошону менен бирге, төрага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун конференциянын катышуучуларына арналган учурашуусун окуп берип жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан бардык катышуучуларды Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимдин 5 жылдык мааракеси менен куттуктады.