Меню навигации+

Конституциялык палатанын Регламентине Төраганы, Төраганын орунбасарын жана судья-катчыны шайлоо жагында өзгөртүүлөр киргизилди

20.06.2016

Конституциялык палатанын 2016-жылдын 15-июнундагы Токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын Регламентине өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр Конституциялык палатанын төрагасы, орунбасары жана судья-катчысы кызматын шайлоо тартибине тийиштүү.

 

Аты аталган кызматтын бири боюнча ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотула турган болсо, шайлоо Конституциялык палатасынын судьялар жыйынында кызмат анык бош болгондон күндөн тарта 10 күндөн кем эмес убакыттын ичинде болот.

 

Ошону менен бирге, Конституциялык палатанын төрагасын, орунбасарын жана судья-катчысын шайлоосу үч күн ичинде, бирок алардын ыйгарым укуктарынын акыркы күнүнөн кечиктирилбей өткөрүлүш керек.