Меню навигации+

Санкт-Петербургда конституциялык адилет сотунун доктринасы жана тажрыйбасы талкууланды

23.05.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Мамыров учурдагы жылдын 16-майында Россия Федерациясынын Конституциялык соту Санкт-Петербург шаарында уюштурган «Конституциялык адилет соту: доктрина жана тажрыйба» эл аралык конференциясынын ишине катышып келди.

 

Европа, Азия, Африка, Латын Америкасы сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн конституциялык жана жогорку сотторунун, ошондой эле эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдардын өкүлдөрү конституциялык юстицияны өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун арттыруу, конституциялык юстиция органдары ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерин, ошондой эле конституциялык адилет сотунун актуалдуу укуктук көйгөйлөрүнө улуттук мамилелерди талкуулашты.

 

Эл аралык конференциянын жүрүшүндө Э.Мамыров «Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоонун жогорку формасы катары конституциялык адилет соту: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тажрыйбасы» темадагы баяндама жасады.

 

Конституциялык палатанын төрагасы 2017-жылдын 16-20-май күндөрү өтүп жаткан VII Петербургдагы Эл аралык Юридикалык Форумдун ишине да катышты.

 

Атап айтсак, көрсөтүлгөн иш-чаранын алкагында Конституциялык палатанын төрагасы Россия Федерациянын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев 17-майда өзү ачып берген форумдун пленардык отурумуна катышкан. Пленардык отурумдун жүрүшүндө Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык бизнестин жана Европа университетинин өкүлдөрү укук тууралуу глобалдык контекстте кеп кылышты.

 

Ошол эле күнү форумдун алкагында «Азыркы дүйнөдө конституциялык укуктун ролу» аттуу дискуссиялык сессия болду, анын алкагында катышуучулар укуктун бул тармагында зарыл өзгөртүүлөр маселелерин талкуулашты. Судьялар жана сессия катышуучулары баш мыйзамдагы улуттук эгемендүүлүк маселесине өзгөчө көңүл бөлүштү.