Меню навигации+

Санкт-Петербургда «Конституциялык шайкештик жана универсалдык баалуулуктар: өлчөмдөштүк чеберчилиги» эл аралык конфренциясы жана Петербургдун эл аралык юридикалык форум өтүп жатат

15.05.2019

Конституциялык палатанын судьялары Ч.А. Айдарбекова жана Э.Ж. Осконбаев Россия Федерациясынын Конституциялык сот тарабынан уюштурулган «Конституциялык шайкештик жана универсалдык баалуулуктар: өлчөмдөштүк чеберчилиги» эл аралык конференциясына катышууда. Иш-чарага 120 ашуун конституциялык соттордун жана ага шайкеш органдардын судьялары, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдардын өкүлдөрү катышууда.

 

Конференциянын алкагында үч дискуссиялык сессия болуп өттү, алар: «Улуттук жана универсалдуу баалуулуктар ортосунда тең салмактуулукту табуунун методологиялык аспектилери», «Сот бийлиги жана заманбап жөнөкөйлүүлүк: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр», «Улуттук ынтымак конституциялык шайкештиктин ажыратылгыс элементи». Жогорку сессиялардын жүрүшүндө негизги баяндамачылар тарабынан тийштүү докладдар жасалды.

 

Судьялар Ч.А. Айдарбекова жана Э.Ж. Осконбаев Петербургдун эл аралык юридикалык форумунун ишине катышууда, форумдун иши бүгүн башталып, 16-майда аяктайт. Бул Форум кесипкөй юридикалык жамаат үчүн көйгөйлүү маселелерди талкуу максатында жылыга өткөрүлүп келатат.