Меню навигации+

Сеулда Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын Изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча катчылыгынын иштеп баштоосуна арналган биринчи Эл аралык стмпозиум болуп өттү

04.11.2017



Учурдагы жылдын 1-2-ноябрларында Сеул шаарында (Корея Республикасы)  «Азиядагы конституционализм: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу биринчи Эл аралык сипозиум болуп өттү, ал 2016-жылы уюштурулган Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын Изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча туруктуу катчылыгынын иштеп баштоосуна арналган.

 

Симпозиумду Корея Республикасынын Конституциялык соту уюштурган. Туруктуу катчылыктын ишмерлигин Корея Республикасынын Конституциялык соту каржыйлайт.

 

Симпозиумдун ишине Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын Президенти, Афганистан, Индонезия, Казакстана, Малайзия, Монголия, Мьянма, Корея, Россия, Тажикистан, Таиланд, Туркия, Өзбекстан конституциялык контролдоо органдарынын, ошондой эле Адам укуктары боюнча Африка сотунун өкүлдөрү катышты. Бул симпозиумда Кыргызстандын делегациясынын атынан Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров болду.

 

Симпозиумдун төрт сессиясында заманбап конституциялык өнүгүүгүнүн кийинки көйгөйлүү маселелери талкууланды: «Конституциялык юстициянын ар түрдүүлүгү: Ассоциация мүчөлөрүнүн арасындагы айырмачылыктар», «Конституциялык контролдоо аркылуу адамдын пайдубал укуктарын коргоо жана жылдыруу», «Адам укуктары жөнүндө эл аралык ченемдер жана конституциялык юстиция: окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр», «Конституциялык соттор жана шайкеш институттар ортосунда кызматташуунун жана иштешүүнүн зарылчылыгы».

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Конституциялык палатанын Төрагасы «Конституциялык адилет сот аркылуу адамдын, жарандын негизги укуктарын коргоо жана колдоо: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы».

 

Эскертебиз, Азия конституциялык сотторунун жана аг шайкеш инститтарынын ассоциациясы 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын региондук форуму катары адамдын жалпы конституциялык баалуулуктарын колдоо максатында уюштурулган. Азыркы учурда Ассоциацияда 16 мамлекет бар, алар – Азербайжан, Афганистан, Индонезия, Казакстан, Түштүк Корея, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Мьянма, Пакистан, Россия, Филиппин, Тажикистан, Таиланд, Туркия, Өзбекстан. Кыргызстан 2015-жылы Ассоциациянын мүчөсү болуп кирди.