Меню навигации+

Софияда азыркы дүйнөдөгү жарандардын негизги укуктарынын корголушун жана улуттук коопсуздукту талкуулашты

26.09.2016

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-сентябрында Софияда (Болгария) “Азыркы дүйнөдөгү жарандардын негизги укуктарын жана улуттук коопсуздукту коргоо. Конституциялык соттордун ролу” аттуу темада Болгариянын Конституциялык сотунун 25 жылдыгына карата Эл аралык конференция болуп өттү. Жогоруда аты аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова катышып келди.

 

Салтанаттуу сессияда – конференциянын ачылышында Болгария Республикасынын Президенти Росен Плевнелиев конференциянын катышуучуларына видеоконференц байланыш аркылуу түз байланышка чыкты. Конференциянын катышуучуларына Болгария Республикасынын Вице-президенти, Боглариянын мамлекеттик түзүмүнүн жетекчилери, ошондой эле Европа союзунун Сотунун төрагасы жана Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын президенти меймандостугун билдиришти.

 

Конференцияга конституциялык көзөмөл органдарынын 27 өкүлү катышып келди.

 

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова “Улуттук коопсуздукту коргоо маселелеринде конституциялык көзөмөл органынын ролу” аттуу доклады менен чыгып, каралып жаткан маселе  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тажрыйбасын белгилеп кетти.