Меню навигации+

Каржы-чарба секторунун башчысы А.М. Бокоева «Финансы-экономикалык кызматтын отличниги» төш белгиси менен сыйланды

08.06.2021

Конституциялык палатанын Аппаратынын каржы-чарба секторунун башчысы А.М. Бокоева Кыргыз Республикасынын Финансы-экономикалык кызматкерлеринин күнүн майрамдоо урматына «Финансы-экономикалык кызматтын отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев сыйлыкты тапшырып жатып, А.М. Бокоева сот тутумунда 19 жылдан бери финансист болуп иштеп келгенин, анын ичинен 16 жыл конституциялык контролдоо органында каржы жаатында жетекчилик кызматты ээлегенин белгиледи.

 

Төрага анын кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана чынчылдыгын жогору баалай тургандыгын баса белгиледи. Төраганын пикири боюнча соттун башкы финансистинин ушул сапаттарынан улам, конституциялык контролдоо органынын финансылык-экономикалык маселелери дайыма айкын жана текшерүүчү органдар тарабынан шек туудурбай  келет.

 

Иш-чаранын аягында төрага К.А. Дуйшеев А.М. Бокоевага ден-соолук, бакыт-таалай жана андан аркы кесиптик ишинде ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап кетти. «Ар дайым иштеген ишиңиз ыраазычылык менен коштолуп ал эми алдыңарда турган татаал иш-милдеттер сөзсүз туура чечимдерге ээ болсун!», – деп төрага өзүнүн сөзүн жыйынтыктады.