Меню навигации+

Латвиядан келген эл аралык эксперттин кыска мөөнөттүү миссиясы аяктады

01.06.2015

Үстүбүздөгү жылдын 25 – 30 майында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кыска мөөнөттүү миссия менен Эл аралык юридикалык эксперт жана Латвиянын Конституциялык сотунун юридикалык департаментинин начальниги Алла Спале келип кетти.

 

Эл аралык эксперттин миссиясынын максаты конституциялык сот өндүрүшүнүн маселелеринде Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлерине консультативдик жардам көргөзүү болду.

 

Конституциялык палатанын кызматкерлери менен болгон жолугушууда Алла Спале конституциялык соттордун чечимдерин даярдоонун, ошондой эле конституциялык соттордун соттук практикасын жалпылоо усулдугуѳнүндѳ жана эл алдында берилүүчү жылдык отчетторду даярдоонун өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ айтып берди.

 

Андан сырткары, Алла Спале КП аппаратынын укуктук камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери үчүн конституциялык экспертиза өткөрүү боюнча тренинг өткөрдү.

 

27-майда эл аралык эксперт Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүнүн практикасын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Мыйзамынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳгү сот отурумуна катышты.

 

29-майда Алла Спале жарандык коомдун өкүлдөрүнүн алдында чыгып сөз сүйлөдү, анда Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн, анын чечимдерин жана тигил же бул маселелер боюнча кѳз карашын колдоо аркылуу жарандык коомдун өкүлчүлүгүн жана бардык кызыкдар жарандарды укуктук үстѳмдүгүн бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө тартуу процесси боюнча Латвиядагы Конституциялык соттун тажрыйбасы жѳнүндѳ айтып берди.

 

Эл аралык юридикалык эксперт Алла Спаленин миссиясы ЕБ менен ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.