Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын биринчи жыйыны болуп өттү

01.07.2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча биринчи жыйыны болуп өттү.

Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдү жүргүзүүчү жогорку сот органынын тарыхында биринчи жолу жетекчи кызмат адамдары түздөн-түз судьялар тараптан шайланышты. Шайлоо процесси жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен ачык өттү.

Төрага болуп  Касымалиев Мукамбет Шадыканович, төраганын орун басарына Мамыров Эркинбек Тобокелович, судья-катчылыкка Айдарбекова Чинара Аскарбековна шайланды.